Кыргызстанда августа 5G интернетин тестирлөө башталат

Кыргызстанда августа 5G интернетин тестирлөө башталат

1-августтан тарта Кыргызстанда 5G интернетин тестирлөө башталат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчеттук жумалыгынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калктуу конуштарынын 98,2% уюлдук байланыш менен камтылган. Анын ичинен 2 миллион 269 адам 2G тармагын, 2 миллион 162 адам 3G жана 2 миллион 127 адам 4G тармагын колдонот.

Талантбек Иманов белгилегендей, 2022-жылы министрлик өлкөдөгү интернет байланышынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда.

«Кыргызстандын бардык байланыш операторлору менен республика боюнча байланыштын сапатына мониторинг жүргүзүлүп, 5Gди тестирлөө боюнча жол картасы даярдалды, аны кытайлык «Huawei» компаниясы менен биргеликте өткөрөбүз», — деди санариптик өнүктүрүү министри.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>