Бишкекте КМШ ПААнын күзгү сессиясы аяктады

Бишкекте КМШ ПААнын күзгү сессиясы аяктады

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын алкагында Бишкекте өтүп жаткан КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, күзгү сессиянын ишине Азербайжа, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын парламенттик делегациялары катышты.

16-17-ноябрь күндөрү күзгү сессиянын алкагында КМШ ПАА Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ Жаштар Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны болуп өттү. Ошондой эле, КМШ ПААнын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиялары иш алып барды.

Мындан тышкары, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары жана депутаттары Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына, ошондой эле көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияларга катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: КМШ ПАА

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>