Кыргызстанда аялдар канча жашында үй-бүлө курушат? Статистика

Кыргызстанда аялдар канча жашында үй-бүлө курушат? Статистика

Кыргызстанда аялдар 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылы 51 миңге жакын аял никеге турган, алардын 93 пайызы биринчи жолу никеге тургандар.

“Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир бешинчи аял – 17-19 жашта же 25-29 жашта болгон. Аялдардын биринчи жолу никеге туруусунун орточо жаш курагы 24 жашты, ал эми кайрадан никеге тургандардын жаш курагы 35 жашты түзгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Статистикалык комитеттен белгилешкендей, аял биринчи баласын 23-24 жашында төрөйт жана үч балалуу болот, бул жетишээрлик жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө төрөт жөнөкөй өндүрүү деңгээлине чейин төмөндөсө, Кыргызстанда калктын жогорку деңгээлде көбөйүшү камсыздалат, тактап айтканда өлкөнүн калкынын саны көбөйүүдө.

Буга чейин Кыргызстанда эркектер 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашары маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>