Жылына орто эсеп менен 146 миңге жакын аял эне макамына ээ болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кыргызстандык аялдар орточо 23-24 жашта биринчи баласын төрөйт. Орто эсеп менен үч балалуу болушат.
Аялдар калктын 50,9 пайызын (3 млн. 619 миң) түзөт. Алардын 36 пайызы шаарда, 64 пайызы айылда жашайт.
2023-жылы 1298 эгиз (2022-жылы — 1001) жана 14 үч эм (2022-жылы — 4) төрөлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз