Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Литвадан келген Toyota Seguoia унаасына бажы төлөмү төлөнбөй Чүйдө каттоого алынган
21.05.2024 | 20:00
Литвадан келген, 2016-жылкы Toyota Seguoia унаасына бажы төлөмү төлөнбөй, транспорт каражаттарын каттоо журналына киргизилбей Кыргызстандын аймагында айдалып жүргөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Автомобиль 2019-жылы кыргыз жаранынын атына келген. Анда убактылуу сактоо документи ачылып, бирок ушул убакка чейин бажы шартында таризделген эмес.
Ага карабай «Унаа» МИнин Жайыл-Панфилов бөлүмүндө «Т.М.Ч» аттуу жарандын атына катталгандыгы аныкталды.
Бюджетке келтирилген зыян айып пулдарды кошкондо 3 660 584 сомду түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом