Ошто 2 тургунду чала жан кылып сабап, каналдын боюна таштап кетишкен

Ошто 2 тургунду чала жан кылып сабап, каналдын боюна таштап кетишкен

Ош облусунда эки тургунду катуу сабап, каналдын боюна таштап кеткен деп шектелген төрт адам кармалды. Алар 20-майда колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө «Алтын маньяк» каймана аты менен таанымал 47 жаштагы А.Т. кармалган. Ал — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда соттолгон. Ошондой эле 28 жаштагы А.Н. уулу, 38 жаштагы Т.М. (мурда соттолгон) жана Б.О. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция билдиргендей, кармалгандар 9-майда Куршаб айыл аймагынын 29 жана 27 жаштагы тургундарын үйүнөн чакырып чыгып, мурдагы мамилелерин чечишүү үчүн катуу сабап, чала жан кылып, каналдын боюна таштап кеткен.

Ур-токмокко кабылган жарандар аймактык ооруканаган кайрылган.

Аталган окуяга байланыштуу 130-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>