Депутат: Кыргызстанда аялдардын укугу жогорку деңгээлде корголот

Депутат: Кыргызстанда аялдардын укугу жогорку деңгээлде корголот

Борбор Азия боюнча Кыргызстанда аялдардын укугу жогорку деңгээлде корголот. Мындай пикирин 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Динара Ашимова мыйзам боюнча аялдарга берилген квота 30 пайыздан кем эмес  болушу керектигин белгилеп, аталган мыйзамды мамлекеттик органдар кандай аткарып жаткандыгына мониторинг жүргүзүү максатында жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Медер Алиевдин айтымында, гендердик маселе көтөрүлүп жаткандыктан тиешелүү комиссияны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети менен биргеликте түзүү керек.

“Латвия, Литва жана Грузияны кошпогондо Советтер союзу алдындагы мамлекеттерде жалгыз аял (ред. – президент Роза Отунбаева) бизде — Кыргызстанда болгон. Бизде, кудайга шүгүр, аялдарды жакшы сыйлашат”, — деди депутат Медер Алиев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук үч эсе жогорулаганына байланыштуу, абалды жөнгө салуу жаатындагы сунуштары менен бөлүшүп, президенттин алдында да Аялдар комитетин түзүүнү сунуштаган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>