Кыргызстан 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетеби?

Кыргызстан 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетеби?

Кыргызстан гендердик теңчилик индекси боюнча 162 мамлекеттин арасында 82- орунду ээлейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова “Парламент” радиосунда берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жакырчылыктан чыгуу максатында миграциялык агымга аралашкандардын басымдуу бөлүгүн да – аялзаты түзөт.

“Мамлекеттик, муниципиалдык кызматтардагы  аялзатынын аз көрсөткүчү, чечим кабыл алууларда алардын четте калгандыгы ойго салат. Зомбулуктан жабыркагандардын басымдуу бөлүгү алсыз категориялардын үлүшүнө туура келгени кейиштүү”,  — деди эл өкүлү.

Аялдардын, балдардын коопсуздугун камсыздоодогу жүргүзүлгөн иштер жеткилең болбой жаткандыгын сынга алган эл өкүлү, — “Ага карабай гендердик саясаттагы балансты сактаган мыйзамдык база 1991-жылдан бери жетиштүү эле даярдалган менен, иштин жыйынтыгы натыйжа бербей жатканы өкүнүчтүү”, — деди.

“2030-жылга чейин гендердик теңчилдикке жетишүүгө арналган улуттук стратегия иштелип чыккан. Аны ишке ашыруунун негиздерин камтыган 2022-2024-жылдарга карата улуттук план дагы бар. Бул багытта Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Аялдардын, балдардын укугун коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш, ал эми Министрлер кабинетинин алдында гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. Эми президенттин алдында да Аялдар комитети түзүлсө иштин жыйынтыктуу болуусуна негиз берет, — дейт депутат.

Мамлекеттик деңгээлде идеологиялык системдүү иш-аракеттин жоктугунан аялдарды жана балдарды радикалдуу диний топторго тартуу коркунучу өсүп жаткандыгы, төрөт маалында энелердин өлүмгө кабылуусу көбөйүп жаткандыгы тынчсыздандырат, — деди Ш.Мажитова.

“Андыктан, көйгөйлөрдөн арылууда аялдардын потенциалын жогорулатууга олуттуу көңүл бурулганы жакшы. Мисалы, коншу Өзбекстанда президенттин алдында иш алып барган гендердик кеңеш атайын бюджеттен каржыланат. Бул иштин натыйжалуулугун камсыздайт. Бизде да ушундай усулдук иштерге урунттуу маани беришибиз керек, — деди эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>