Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөтОш шаарында жаңы онкологиялык борбор курулатЖамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алышты
Кыргызстанда бензин менен дизелдин тартыштыгы жок экени айтылды
25.09.2023 | 15:05
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май менен камсыз болуп, жетишсиздик байкалган жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 21-сентябрда Россия бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Мындай чара ички рынокту турукташтыруу үчүн кабыл алынган. Бирок ал чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешеси жок.
“Дизель майынын баасы жайдан бери көп жолу өзгөрүлдү. Эксперттер дизель майына болгон баанын өсүшүн “көмүскө” экспорт менен байланыштырышууда. Россияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы арзандай баштады. Санкт-Петербург эл аралык соода биржасынын маалыматы боюнча, 21-сентябрда бензин 5,7%, дизель майы 2,15% арзандады”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз