Баткенде кримтөбөл «Женгонун» тобундагы адам кармалды

Баткенде кримтөбөл «Женгонун» тобундагы адам кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-берененин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү — 43 жаштагы М.Г.К. жана анын жакын адамы 50 жаштагы Т.Т.О. кармалган. Алар Ош облусунун Ноокат районунун тургундары болушат.

М.Г.К.га тиешелүү Toyota Land Cruiser Prado унаасын тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттар, ошондой эле «ТОЗ-8» маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16 мм калибрдеги 10 патрон жана «Сталь» мергенчилик бычагы табылып алынган.

Учурда аталган шектүү убактылуу кармочу жайга камакка алынып, ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Шектүүнүн кармалган видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>