ToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгардыКыргызстан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуудаКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырыштыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдү
Кыргызстанда бир жумада 200 мас айдоочу кармалды
11.11.2024 | 09:20
Кыргызстанда бир жумада 200 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 4-10-ноябрда өлкөдө 14 миң 384 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 66 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 389;
- Мас абалында унаа айдагандар – 200;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 36;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 336;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2454;
- Автоээнбаштык -7;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2965;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7994;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом