Кыргызстанда бизнес үчүн 460тан ашык уруксат кагазы жокко чыгарылды

Чакан жана орто бизнес учурда Кыргызстандын ИДПсынын 40%ын камсыздоодо. Ишкерлерди колдоо максатында Экономика министрлиги бюрократиялык тоскоолдуктарды масштабдуу «тазалоодон» өткөрдү: мурда талап кылынган 905 уруксат кагазынын жана маалымкаттын 439у гана мыйзамдуу деп калтырылды. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Бизнес-чөйрө башкармалыгынын башчысы Аким Насиров билдирди.
Кагазбастыкты (бюрократияны) кыскартуудан тышкары, өлкөдө 2026-жылдын аягына чейин бизнести текшерүүгө киргизилген катуу мораторий өз ишин улантууда. Бийлик өкүлдөрү көзөмөл кысымынан өнөктөштүк мамилелерге карай багыт өзгөргөнүн билдиришүүдө. Муну менен катар жылдык 6% үстөк менен жеңилдетилген насыялоо программасы ишке киргизилип, ага акыркы үч айдын ичинде эле 3 млрд сомдон ашык каражат багытталды.
Насыяларга жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүү үчүн мамлекет банктар менен иштөө эрежелерин да кайра карап чыкты: эми терс насыялык тарых мурдагыдай беш жыл эмес, үч жыл гана сакталат. Өкмөт бул чаралардын жыйындысы жеке секторго каражаттарын өндүрүшкө жигердүүрөөк салууга жана улуттук экономикага кошкон салымын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүүдө.