U-23: Ырыскелди Максатбек уулу дүйнө чемпионатында коло утту (видео)

U-23: Ырыскелди Максатбек уулу дүйнө чемпионатында коло утту (видео)

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Ырыскелди Максатбек уулу Албаниянын Тирана шаарында өткөн 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге утту.

Ырыскелди Максатбек уулу 77 кг салмакта күрөштү. Ал таймашты 28-октябрда 1/8 финалдан баштап, жарым финалга чейин жетти. Бирок жарым финалда жеңилүү ызасын тартты. Жыйынтыгында ал коло үчүн күрөшө турган болду.

Үчүнчү орун үчүн беттеш 29-октябрда болуп өттү. Анда Ырыскелди Максатбек уулу сербиялык Алекса Илич менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө кыргызстандык балбан активдүүлүк көрсөткөндүктөн, ага 1 упай берилип, атаандашы партерге жаткырылды. Партерде Ырыскелди Максатбек уулу ыкма жасайын деп жатканда, атаандашы бутка туруп, анын артына өтүп кетти. Бирок калыстар Алекса Илич кыргыз балбанын бутунан кармап (белден ылдый кармап, күрөш жүргүзүп) эреже бузду деп, Ырыскелди Максатбек уулуна 2 упай ыйгарды. Сербиялык спортчунун машыктыруучулары мындай чечимге макул болбой, челленж ыргытып, видеокайталоону сурады. Бирок алар челленжден утулуп, Ырыскелди Максатбек уулуна дагы 1 упай берилди. Муну менен эсеп 4:0 болду.

Беттеш кайра партерде улантылып, бул ирет Ырыскелди Максатбек уулу 4 упайлык ыкма жасап, эсепти 8:0 кылып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти. Ошентип Ырыскелди Максатбек уулу коло медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, Ырыскелди Максатбек уулу Албаниядагы дүйнө биринчилигине катышкан кыргызстандык грек-рим күрөшү балбандарынын арасынан байге алган жалгыз спортчу болду.

23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионаты 23-29-октябрь күндөрү болуп өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>