Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 3 адам каза болду

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 3 адам каза болду


Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, төмөнкү аймактарда бейтаптар каза болгон:

1958-жылы туулган эркек киши Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочусу. Ал 15-июндан тартып инфекциялык бөлүмдө дарыланып, абалынын начарлашынан улам кислороддук аппаратка кошулган. Диагнозу: оң жак тараптуу пневмания, курч мүнөздө турган жүрөктүн иштеши.

1961-жылы туулган аял киши Ош шаарынын жашоочусу. Ал 15-июнда Ош облустук клиникалык ооруканасында болгон. Бардык көрүлгөн чараларга карабастан, кечээ күнү каза болуп калган.

1959-жылы туулган эркек киши Кара-Суу районунун жашоочусу. 17-июнда анын дене табы көтөрүлүп, жөтөл жана дем алуунун кыйындашы болгон. Буга чейин ал курч инфаркт жана гипертониялык оору менен каттоодо турган. Анын өлүмү курч дем алуу оорусунан келип чыккан.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы каза болгондордун саны 35 кишини түздү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>