Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Кыргызстанда дагы 73 медик коронавирус жуктуруп алды
03.07.2020 | 10:09
Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Илдет жуктуруп алган дарыгерлер төмөнкү аймактарда:
Бишкек ш. – 32
Чүй облусунда – 20
Ош ш. – 7
Ош облусунда – 7
Жалал-Абад облусунда – 3
Баткен облусунда – 3
Ысык-Көл облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом