Кыргызстанда эмгек акы төмөндөдү

Кыргызстанда эмгек акы төмөндөдү

Ушул жылдын январь-март айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча документте айтылат.

Маалыматка караганда, номиналдуу жана реалдуу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине корректировкаланган) орточо айлык эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Казакстанда (тиешелүүлүгүнө жараша 123,7% жана 112,7%) жана Беларуста (117,1% жана 104,5%) катталган. Орусияда номиналдык эмгек акынын өсүү темпи 115%, реалдуу — 103,1%, Арменияда — 109,6% жана 102,5% түздү.

Эң азы Кыргызстанда. Алсак, 2022-жылдын январь-мартында номиналдык эмгек акынын өлчөмү 11,4%га өскөн, ал эми реалдуу 0,3%га төмөндөгөн.

Тэги: эмгек акы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>