Миллионго жакын аялдар жана кыздар гуманитардык жардамсыз калды — БУУнун баяндамасы«Ысык-Көл» аэропортуна Ташкенттен биринчи түз каттам келдиСелдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылдыУлуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизетКыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилдиНарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылды
Кыргызстанда эмки жумадан тарта мечиттер ачылат
04.06.2020 | 09:21
Ушул жылдын 8-июнунан тарта Кыргызстанда диний мекемелерге – мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Мындай чечимди Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды.
Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми: беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.
Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертет, ошондуктан жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө беткап тагынууга тийиш.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом