Күн катуу ысыйбы? Кыргызстанда июнь айында күтүлгөн аба ырайы

Күн катуу ысыйбы? Кыргызстанда июнь айында күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет 2023-жылдын июнь айына карата аба ырайынын болжолун жарыялады. Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, абанын температурасы 21…23 градус жылуу болот. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градустан 18…23 градус жылуулукка чейин, күндүз 22…27 градус жылуулуктан 33…38 градус жылуулукка чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин, 16…21° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 19…21 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус  жылуулуктан 16…21 градус жылуулукка чейин, күндүз 21…26 градус жылуулуктан 31…36 градус  жылуулукка чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп 22…24 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуулуктан 19…24 градус жылуулукка чейин, күндүз 23…28 градус жылуулуктан 34…39 градус  жылуулукка чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус жылуулуктан 14…19 градус жылуулукка чейин, күндүз 19…24 градус жылуулуктан 30…35 градус жылуулукка чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 22…24 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо климаттык нормага жакын болуп, 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуулуктан 19…24 градус жылуулукка чейин, күндүз 23…28 градус жылуулуктан 34…39 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус жылуулуктан 14…19 градус жылуулукка чейин, күндүз 19…24 градус жылуулуктан 30…35 градуска чейин жогорулайт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуу, күндүз абанын температурасы 20…25 градустан 30…35 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 22…24 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо климаттык нормага жакын болуп, 18…20 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуулуктан 19…24 градус жылуулукка чейин, күндүз 23…28 градустан 34…39 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градустан 14…19 градуска чейин, күндүз 19…24 градустан 30…35 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 15…17° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин, күндүз 16…21° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус жылуулуктан 9…14 градус  жылуулукка, күндүз 15…20 градустан 25…30 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>