Кыргызстанда кайсыл ооруда өлүм көп катталары айтылды  

Кыргызстанда кайсыл ооруда өлүм көп катталары айтылды  

Кыргызстандагы өлүм себебинин 52 пайызын жүрөк оорулары түзөт. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев Бишкек шаарындагы медициналык мекемелердин жетекчилери жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, бул оору менен күрөштү кескин түрдө күчөтүү керек.

Бул үчүн азыр эки гана жол бар. Бири бөлүнгөн каржынын көлөмүн көбөйтүү, экинчиси инвесторлор менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Айрыкча, мамлекеттик кепилдик фонддорунун жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептерин кайрадан карап чыгуу зарыл«, — деди Талантбек Сооронбаев.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлүп, медициналык тейлөөнүн сапатын көтөрүү боюнча сунуштар берилди.

Талкуу соңунда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова өткөрүлгөн жолугушуу өтө пайдалуу болгонун айтып: «Жакында саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү бир катар мыйзам долбоорлору киргизилээри күтүлүүдө. Андыктан аталган маселелер каралгычакты, тармакты ичинен билген дарыгерлердин пикирин угуу сапаттуу мыйзамдарды кабыл алууга өбөлгө түзөөрү анык. Себеби, жолугушууда көп көйгөйлөр айтылды, сунуштар берилди. Анын баары сөзсүз эске алынат«, — деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: оору

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>