Суусамыр суусуна чөгүп кеткен депутат табылбай жатат

Суусамыр суусуна чөгүп кеткен депутат табылбай жатат

Суусамыр суусуна чөгүп кеткен Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылынын депутаты Бакир Исаковду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-майда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, Жайыл райондук №22 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 2 куткаруучу, суучулдар кызматынан 5 суучул, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 25 адам тартылган.

Жумгал районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 9 куткаруучу, жалпы 34 куткаруучу тартылып, саат 20:30да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Натыйжа болбогондуктан издөө иштери 16-майда улантылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бакир Исаковдун эжеси Назима Исакова агасы ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте Суусамыр суусунун ортосунда такалып калган атын чыгаралы деп жатканда сууга кулап кеткендигин жана ӨКМдин кызматкерлери чара көрбөй жатышкандыгын билдирген.

Кайык көмкөрүлүп кетип, алар сууга кулап кетишти. Агам ӨКМ кызматкерин жээкке түртүптүр, өзүнүн жиби үзүлүп, аны суу агызып кетиптир. Кызматкерлер бир гана кесиптешин эмес, агамды дагы куткаруу үчүн чара көрүшү керек болчу. Үч күндөн бери аны таппай жатышат. Бизге 23 куткаруучу тартылганын билдиришти. Калган издеп жаткан адамдардын баары биздин адамдар”, — деген Назима Исакова.

 

 

Тэги: Суусамыр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>