Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет
Кыргызстанда калоочулар “Sinopharm” кытай вакцинасын ала алышат
23.04.2021 | 16:58
Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы “Sinopharm” кытай вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте эмдөө алууну каалоочулар №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 14 жана темир жол поликлиникасына жана куруучулар поликлиникасына кайрыла алышат. Ошондой эле борбор калаада кошумча эмдөө пункттарын ачуу боюнча иштер жүрүүдө.
Коронавирус менен ооругандар өсүп жаткан азыркы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен бардык каалоочуларды эмдөө чечими кабыл алынган. Мындан сырткары, Орусиядан келген “Спутник V” вакцинасын да эске алган.
Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала электиги айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом