Кыргызстанда канча адам жакырчылыкта жашайт? Расмий жооп

Кыргызстанда канча адам жакырчылыкта жашайт? Расмий жооп

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстанда жашоо минимуму канча экенине кызыкты.

Улуттук статистикалык кимитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 2022-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү орточо эсеп менен 7 миң 200 сомду түзгөнүн айтты.

Ошондой эле, ал жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган калктын саны 2 млн 400 миң адамды түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, Султанбай Айжигитов жумушсуз деген кишиге кандай аныктама берилерин сурады.

“Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ар бир райондо бөлүмдөрү бар. Ал жакта каттоодон өткөн адамдарды жумушсуз деп эсептейбиз”, — деди ал.

Жыйында “2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>