Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Кыргызстанда казылган кендин 71 пайызы Кытайга экспорттолот
29.01.2020 | 17:11
Кыргызстандын алтыны үчүнчү өлкөлөргө 2018 – жылы 19,5 миң тонна кен экспорттолгон. Мындай маалымат бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Замирбек Карашевдин маалыматында, 2019 – жылы 20 миң 423 тонна кен үчүнчү өлкөлөргө ташылып кеткен. Бажы кодексине ылайык, экспорттон 0,25% бажы салымдары алынат. Муну менен катар, 2018 – жылы экспорттон түшкөн бажы салымдары 3 млн 800 миң сомду, 2019 – жылы 4 млн 722 миң сомду түзгөн.
Жалпы казылган кендин 71 пайызы Кытайга экспорттолот. Бул болжол менен 14 тонна 300 килограммды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика