Бекешев чек ара аймактарына өтүүгө уруксатты «Түндүк» аркылуу берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чек арага чектеш аймактарга кирүүгө уруксаттарды «Түндүк» мамлекеттик платформасы аркылуу электрондук форматта берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Анын айтымында, учурда туристтер, мисалы, Көл-Суу көлүнө баруу үчүн бир нече этаптан өтүп, анын ичинде Чек ара кызматынан да уруксат алышы керек. Депутат бул процессти толугу менен санариптештирүү зарыл деп эсептейт.
«Көптөгөн туристтер уруксатты ортомчулар аркылуу ашыкча акча төлөбөстөн, түз эле онлайн режиминде алуу мүмкүн болсо жакшы болмок деп айтып жатышат», — деди Бекешев.
Ал мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстандын жарандары үчүн да жеткиликтүү болушу керек экенин белгиледи.
«"Түндүк" аркылуу арыз берип, ошол эле жерден электрондук уруксат алса болот. Ал тургай акы төлөнсө да болот. Бирок өз өлкөңдүн ичинде жүрүп эле ар кандай уруксаттарды алышың керек болгону түшүнүксүз», — деди депутат.
Бекешев эмгек өргүүсү аяктагандан кийин министрлер кабинетинин төрагасына кат жолдоп, бул демилгени «100 күндүк реформалар» программасынын алкагында ишке ашырууну сунуштай турганын билдирди.
Анын пикиринде, бул үчүн Чек ара кызматынын маалыматтык системасын мамлекеттик санариптик кызматтар менен интеграциялоо зарыл.
«Аларда "Түндүк" менен шайкеш келбеген өзүнчө система бар. Бул маселе уруксаттарды берүүдө гана эмес, жалпы өлкөгө кирүү-чыгуу боюнча маалыматтарды жүргүзүүдө да көйгөй жаратып жатат», — деди депутат.
Мындан тышкары, Бекешев жакында президент «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койгонун эске салды. Анын айтымында, эми киберспорт Кыргызстанда расмий түрдө спорттун түрү катары таанылып, мектептерде жана жогорку окуу жайларында киберспорттук командаларды жана клубдарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мамлекет бул багыттын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүгө тийиш.