ШКУ өлкөлөрүнүн артисттери Чолпон-Атада гала-концерт беришетМанас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин проректору кармалды — УКМКНарын коругундагы марал багуучу жайдын аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилдиКаттоо, курстар, сынак: Кыргызстанда дрон менен тартуу үчүн эмне талап кылынат?Мурдагы «Кыргыз деңизи» («Кыргызское взморье») санаторийи модернизациядан кийин ачылдыЖРТ сертификаттарындагы ката окуу жайларга тапшырууга тоскоол болбойт — Министрлик
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 42 адамга жетти
24.03.2020 | 12:55
Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруп алгандардын саны 42 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргенин коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.
Исаковдун айтымында 24-мартта республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталган.
Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыккан (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).
Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом