Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Талас облусунда ЖРТдан жогорку балл алган 63 бүтүрүүчү 50 миң сомдон алышты
09.07.2026 | 18:11

Талас облусунда Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 200 жана андан жогору балл топтогон 63 бүтүрүүчү 50 миң сомдон акчалай сыйлык алышты. Бул тууралуу КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.


Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев белгилегендей, билим берүүнү өнүктүрүү жана таланттуу жаштарды колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.


Анын айтымында, акчалай сыйлык – бул жетишилген ийгиликтер (натыйжалар) үчүн дем берүү гана эмес, бүтүрүүчүлөрдүн, алардын мугалимдеринин жана ата-энелеринин эмгегин баалоо, ошондой эле мындан ары өнүгүүгө түрткү болуп саналат.

