Кыргызстанда бир күндө коронавирустан 5 адам каза болду

Кыргызстанда бир күндө коронавирустан 5 адам каза болду

Соңку суткада коронавирус илдетинен 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, каза тапкандардын бири Ош шаарында, үчөө Ош облусунда, бирөө Талас облусунда.   

Мындан сырткары бир күндө 298 адамдан илдет табылган. 

“Бир күндө жалпы 298 адамдан илдет аныкталды. Алардын 59у Бишкек шаарында, 33ү Ош шаарында, 13ү Чүй облусунда, 51и Ош облусунда, 3 Талас облусунда, 13ү Ысык-Көл облусунда, Жалал-Абад облусунда 40 кишиден жана Баткен облусунда  86 адамдан илдет аныкталды”, — деп билдиришти штабдан. 

Алардын 22си медицина кызматкерлери. 

Ошондой эле бир күндө 127 адам илдеттен сакайган. Муну менен сакайгандардын жалпы саны 44 522ге жетти.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандар жалпы 49 528ге жетти. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>