2020-жылдын 29-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 729 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымдады.
Маалыматка ылайык, стационарда – 284, алардын ичинен реанимацияда – 4 жатат, каза болгондордун саны -8.
Ал эми республика боюнча жалпы COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 437.