•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Адвокат: Атамбаев ден соолугу начар болгонуна карабай сотко катышат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугу начар болгонуна карабай Кой-Таш окуясы боюнча 29-апрелде өтө турган сот отурумуна катышат. Бул тууралуу «Репортерго» жактоочу Замир Жоошев билдирди.

“Алмазбек Шаршеновичдин кан басымы буга чейин айтылып жаткандай дагы эле төмөн. Бирок ал ага карабай Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандарды колдоо үчүн сотко катышарын билдирди”, – деди Жоошев.

Кой-Таш окуясы боюна 27-апрелге белгиленген соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу 29-апрелге жылдырылган болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина жана Адил Турдукулов КСДПдан чыкты

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Республика боюнча коронавирустан жалпы 1015 бейтап айыкты

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

ЖАМК: Абакта отурган 94 кишиге паспорт берилди

ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

ЖАМК: Арпачиевге мунапыс берилген эмес

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *