«Кыргыз темир жолу»: Күйүүчү май тартыштыгы болбойт

«Кыргыз темир жолу»: Күйүүчү май тартыштыгы болбойт

Кыргызстан октябрь айына «Казакстан темир жолы» компаниясы менен 144 миң тонна көлөмүндөгү мунай продуктыларынын транзит көлөмүн макулдашты. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” билдирди.

Бүгүн, 4-октябрь күнү Астана шаарында «Кыргыз темир жолу» компаниясынын башкы директору  Азамат Сакиев  казак кесиптеши менен жолугушту.  Анда Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүү, анын ичинде мунай продуктылары боюнча көйгөйлүү маселелер жок экендиги белгиленди.

Маалыматка караганда, учурда 24,5 миң тонна мунайзат Кыргызстанга келе жатат.

Өлкөлөр ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% га өсүп, 4 млн тоннаны түздү. Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзит 11% га, 2,6 млн. тоннага чейин өскөн. Казакстандан Кыргызстанга экспорт 1,5 млн. тоннаны түзүп, 16% га көбөйдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы «Казахстан темир жолы» компаниясы 1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен күйүүчү май боюнча транзиттик жүктүн көөлөмүн алдын-ала макулдашууну токтотконун кабарлап, 20 күндөн кийин тартыштык жараларын белгилеген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>