Оштун үч районунда митингдерге тыюу салынды. Милиция себебин айтты

Оштун үч районунда митингдерге тыюу салынды. Милиция себебин айтты

Ош облусунун Ноокат районунда митинг өткөрүүгө ноябрь айына чейин тыюу салынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин Оштун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда да тынч жыйындарды, акцияларды уюштурууга тыюу салынган.

Райондук сотторго митингдерге тыюу салуу боюнча милиция жана жергиликтүү бийлик органдары кайрылган. Сот алардын өтүнүчтөрүн канааттандырган. Ага ылайык Өзгөн, Чоң-Алай жана Ноокатта акцияларга чыгууга 7 жана 8-ноябрга чейин чектөө киригизилди.

Облустук милициядан билдиришкендей, митингдерге тыюу салуу быйыл 31-августтагы «Төлөйкөн» ат майданында өткөн көк бөрү оюнунан кийинки чыр боюнча тергелип жаткан иш менен байланыштуу. Тергөө аяктагандан кийин тыюу салуу алынат.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында болгон тартип бузуулар боюнча коомдук тартипти бузган жарандарга карата кылмыш иши козголгон жана тергөө иштери башталган. Ошол тергөө иштеринин жүрүшүндө тергөөгө ар кандай тоскоолдуктар жаралбашына жана аймактар аралык бөлүп-жарууга себеп болуучу саясий акцияларды токтотуп туруу боюнча сунуш келтирилген. Бул аракеттер жарандардын укуктарын коргоодо мыйзамдуулукту тараптарга тең камсыз кылуу үчүн көрүлгөн зарыл чаралар болуп саналат», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 31-августта Ош облусунда көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойноп, «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан кийин калыстардын ишине нааразы болгон күйөрмандар тополоң чыгарган.

Бул окуядан кийин облустук милиция билдиргендей бейбаштык жасаган делип ондогон адам кармалып, милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 5 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган. Дагы 27 кишиге Укук бузуулар кодексинин 126-берене (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөнү айтылган.

Көк бөрүдөгү чыр: 5 адамга кылмыш иши козголуп, камакка алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>