УКМК: Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 36 чет элдик аныкталдыМөңгүлөрдөн баштап ышка чейин: окумуштуу Кочкунбек Бакиров Кыргызстандын келечеги тууралууКөчмөндөр оюндарына даярдык: КР Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖККУнун машыгууларынан өттүИндияда мейманканадан чыккан өрттөн кыргызстандыктар каза болду. Алар бир үй-бүлөдөн болушканКыргызстан өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине кирди. Бул кандайча ишке ашты жана эмнелер өзгөрөт?Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы менен куттуктады
Кыргызстанда күрөөканалар үч айда 200 млн сомдон ашык киреше табышты
26.05.2022 | 10:05
2022-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда күрөөканалардын кирешеси 201,9 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,6%га (188,6 миллион сомго) көп. Маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Мында күрөөканалардын чыгашасы каралып жаткан мезгилде 123,4 миллион сомду түзсө, өткөн жылы 153,1 миллион сомду түзгөн.
«Банктардын январь-март айларында балансталган финансылык натыйжасы 77,9 миллион сомду түзсө, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 35,5 миллион сомду түздү», — деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика