Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат

Чүй облусунун Жайыл районунда 3 жана Москва районунда кыска мөөнөттүү 1 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жайыл районундагы бакчалар балдар чыгармачылык үйүнүн жана балдар бакчаларынын базасындагы түзүлдү. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 бөбөктү камтый алат. Бул аймакта жалпы кыска мөөнөттүү 15, Москва районунда 16 бакча түзүлөт.

Министрлик маалыматында, бала бакчалар  Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ачылууда.

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Эскерте кетсек, 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>