Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга тыюу салынды
09.04.2024 | 19:00
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул боюнча атайын буйрук 5-апрелде чыкты.
Ага ылайык, интеллектуалдык сынактарды өткөрүүдө атайын жобону так сактоо керек жана ага катышуу үчүн акча талап кылынбайт.
Акы төлөнгөн олимпиадаларды уюштурган мектеп жетекчилери, билим берүү мекемелеринин башчылары жоопко тартылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз