Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Кыргызстанда бир айда кумшекердин баасы 9 сомго кымбаттады
31.05.2022 | 10:09
Май айынын башынан бери Кыргызстанда кумшекер 9 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
2-майга карата республика боюнча кумшекердин орточо баасы 86,38 сомду түзсө, 30-майда 95,38 сомго жеткен. Мында продукциянын баасы эң көп Токтогулда (17,7 сомго), Балыкчыда (14,2 сомго), Бишкекте (12,73 сомго) кымбаттады.
Ошол эле учурда кумшекер, тескерисинче, арзандап кеткен аймактар бар. Булар Ош (5,05 сомго), Кара-Суу (2,34 сом) жана Өзгөн (1,37 сом).
Буга чейин канттын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республиканын бардык аймактарында мониторинг жүргүзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика