Кыргызстанда нан менен ундун баасы өстүбү? Жооп

Кыргызстанда нан менен ундун баасы өстүбү? Жооп

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы нан базарындагы абалга дагы бир ирет баам салышты.   Нан коомдук мааниге ээ азык түлүк болуп саналат. Толук маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мониторинг учурунда соодагерлер нан жана нан азыктарын өндүрүүнүн өздүк наркы, ошондой эле дүң жана чекене баалар туруктуу экенин белгилешкени такталган. Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нандын (булочка) жана нан азыктарынын (торттун) баасы акыркы үч айда өзгөргөн жок.

Нан жана нан азыктарынын баасы буудай унунун баасына, ошондой эле башка чыгымдарга жараша өзгөрүп турат.

Нандын баасынын туруктуу болушунун негизги себептеринин бири – 2021-жылы Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1-сорттогу буудай унунун баасын кармап туруу боюнча келишим түзүлгөн. Анын бир килограммы 43 сомдон. Июль айына салыштырмалуу өздүк наркы 2 сомго арзандады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: нан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>