Кыргызстанда никаб менен паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда никаб менен паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталды

Депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда радикалдык диндик агымдар күчөп жатканын айтып, коомдук жайларда аялдарга бетти жапкан (паранжа, никаб) кийимдерди кийүүгө тыюу салууну сунуштады.

Депутат хижаб кийүүгө же жолук салууга эмес, бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу керектигин айтты.

«Акыркы кезде бир көрсөк да көрмөксөн, уксак да укмаксан болуп, көз жуумп келе жаткан орчундуу, кесепети биздин мамлекетти туңгуякка алып бара турган көрүнүш бар. Бизде радикалдык диндик агымдар күчөп жатат. Өзбекстан бизге караганда динди катуу карманган мамлекет болгону менен ал жакта Конституциянын светтик деген нормасы бекем сакталат. Коомдук жайларда жолук салынып, бетин ачып, паранжа кийбестен жакшынакай жүрөт. Мектептерде балдарды чүмкөнтүп койгон жери жок. Мамлекеттик деңгээлде чара көрбөсөк, эртең кеч болуп калат. Алардын саны күн санап көбөйүп жатат. Ошко барганбыз, көчөдө бараткан ар бир төртүнчү аял паранжа кийип калыптыр», — деди ал.

Анын айтымында, Өзбекстанда парламент аялдарга бетин жаап жүрүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Кыргызстан да бул практиканы колдоно алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>