Мэрия: Бишкектеги конуштарда көп кабат үйлөрдү салууга тыюу салынган

Мэрия: Бишкектеги конуштарда көп кабат үйлөрдү салууга тыюу салынган

Бишкектин конуштарындагы жер тамдардын жанына көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берген документтер чакыртылып алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Киргизия-1» конушунун жашоочулары жер тамдардын жанына көп кабаттуу үйлөрдүн салынышына каршы чыгып, тургундар менен мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев жана Курулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл департаментинин директорунун милдетин аткаруучусу Адис Саяков жолугушкан.

Жолугушуу учурунда Орунтаев конуштарда жер тамдардын жанына көп кабаттуу объекттерди курууга уруксат берген документтерди кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Мэриядан белгилешкендей, шаар куруу кеңешинин чечими менен конуштардын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>