Кыргызстанда окуучулар менен студенттерди баңгизатка текшерүү сунушталды

Кыргызстанда окуучулардын жана студенттердин баңгизат колдонуп-колдонбогонун текшерип туруу практикасын киргизүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган токтом долбоорду депутаттар Улан Сариев менен Максат Алымбеков демилгеледи.
Документте мектептердин 9–11-класстарынын окуучуларын жана жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын студенттерин окуу жылынын ичинде кеминде үч жолу баңгизат колдонуп-колдонбогону боюнча текшерүү сунушталган. Ага ылайык, медициналык текшерүү жазуу жүзүндөгү ыктыярдуу макулдуктун негизинде гана жүргүзүлөт. 18 жашка толо элек өспүрүмдөр үчүн алардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынат.
Токтом долбоордо бул тартипти этап-этабы менен киргизүү каралган. Биринчи этапты 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Бишкек жана Ош шаарларында баштоо сунушталды.
Ошондой эле Ички иштер министрлигине текшерүүнүн жыйынтыгында баңгизат колдонгону аныкталган жарандардын жабык реестрин түзүүнү тапшыруу да сунушталган. Бул маалыматтардын купуялуулугу персоналдык маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык камсыздалары айтылган.
Токтом долбоордун маалымат-негиздемесинде бул демилге өлкөдө жаштар арасында баңгизат колдонгондордун саны өсүп жаткандыгы жана синтетикалык баңгизаттардын жайылышына байланыштуу иштелип чыкканы айтылат.