Бишкек — Балыкчы поездинин жүргүнчүлөрү үчүн жол үстүндө этно-көрсөтүү уюштурулду — сүрөт

02.06.2026 | 11:06
Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозованын этно-коллекциясы

Маданият министрлигинин колдоосу менен Кыргызстанда «Nomad Express: Музыка, маданият, мода жана салттар аркылуу саякат» маданий долбоору башталды. Reporter.kg кабарчысы билдиргендей, Бишкек — Балыкчы поездинин жүргүнчүлөрүнө жолдо баратып эле этно-көрсөтүү уюштурулду.

Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозованын этно-коллекциясы

Каттамдын алгачкы жүргүнчүлөрү жана чакырылган коноктор өзгөчө окуянын катышуучусу болушту: сапар учурунда поезддин ичи импровизацияланган подиумга айландырылып, анда улуттук салттарды заманбап өңүттө чагылдырган кыргыз дизайнери Айпери Обозованын этно-коллекциясы көрсөтүлдү.

Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозованын этно-коллекциясы

Белгилей кетсек, маданият, искусство, мода индустриясы, медиа жана чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрүн маданий саякатка бириктирген долбоордун автору жана идеялык демилгечиси — Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы Олеся Семикоз.

Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын улуттук маданиятын жайылтуу, салттуу өнөрдү сактоо жана алдыга жылдыруу, ошондой эле өлкөнүн артисттеринин, музыканттарынын, дизайнерлеринин жана маданият тармагынын өкүлдөрүнүн ортосундагы чыгармачылык байланышты өнүктүрүү.

Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыгына өзгөчө көңүл бурулат. Катышуучулар үчүн алдыдагы Оюндарга жана өлкөнүн маданий-туристтик потенциалына арналган атайын презентациялык программа уюштурулат.

Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозованын этно-коллекциясы

Ошондой эле катышуучулар Балыкчы шаарынын жаңы объектилери жана жаңыланган инфраструктурасы менен таанышышат.

Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозованын этно-коллекциясы

«Nomad Express» долбоору өлкөнүн маданий мурасынын байлыгын жана көп түрдүүлүгүн көрсөтүү менен, маданий алмашуунун, чыгармачылык кызматташтыктын жана Кыргызстандын заманбап маданий мейкиндигин алдыга жылдыруунун аянтчасы болуп калмакчы.

Scroll to Top