Бишкекте «Асман» шаарын куруу маселелери талкууланган форум болуп өттү

Бүгүн, 4-августта, Бишкек шаарында «Асман» жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүү – 2026» аттуу форум өтүп, анда экологиялык жактан таза шаарды куруу долбоорунун маселелери каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө шаар курууну пландаштыруу, инженердик жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланган.
Ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун практикалык кадамдары жана кызматташуу механизмдери каралып, бир катар документтерге кол коюлган.
Инвестициялар боюнча агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов бул долбоордун өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык маанисин белгилеп, ал заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөрүн айткан.