Малын алып, акчасын бербей качып жүргөн. Жумгалда жаран алдамчылыкка шектелүүдө

04.08.2026 | 17:25
Малын алып, акчасын бербей качып жүргөн. Жумгалда жаран алдамчылыкка шектелүүдө — Новости Кыргызстана

Нарын облусунун Жумгал районунда сатып берем деген убада менен малын алып, алдап кетүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түгөл-Сай айылынын тургуну милицияга кайрылып, бир жаран мал сатып берүү убадасы менен алдап кеткенин билдирген. Жабырлануучунун айтымында, шектүү андан 2023-жылдын октябрь жана ноябрь айларында жалпы баасы 1 миң 510 миң сомду түзгөн мал-жандыктарды: 95 баш козу, 21 баш кой, 5 баш кунан жана 1 баш уй алып кеткен. Алынган малдын акысынан 466 миң 800 сому гана төлөнүп, калган 1 млн 43 миң 200 сомун бербей, изин жашырып жүргөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну С.З. кармалган. Ал Жумгал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

Scroll to Top