Кыргызстандын Тажикстандагы экс-элчиси Жаныш Рустенбеков көз жумду

Кыргызстандын Тажикстандагы экс-элчиси Жаныш Рустенбеков көз жумду

Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков дүйнө салды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал 74 жаш куракта болгон.

Жаныш Рустенбеков 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрь айылында туулган.

1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-жылдан тарта Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты болгон.

1993-1994-жылдары мамлекеттик катчы, Президенттин администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жылдары Президенттин алдында мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.

1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.

1996-2000-жылдары Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин төрагасы болгон.

2005-2007-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

2007-2022-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы элчиси болгон.

Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана дипломатиялык кызмат органдары системасынын ведомстволук уюмдарынын жамааттары Рустенбеков Жаныш Султанкуловичтин 74 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

«Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын эсинде Рустенбеков Жаныш Султанкулович көп жыл өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, саясатчы жана дипломат катары каталат. Орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>