Көчмөндөр оюндары: кыргызстандык спортчулар алыш күрөшүндө 3 алтын, 2 күмүш жеңиштиКыргызстанда аялдар үчүн 9,75%дан баштаган ипотека ишке кирди3-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль Молдокматова
Кыргызстанда өсүмдүк майы арзандады
06.12.2022 | 00:04
Кыргызстанда 1-ноябрдан 1-декабрга чейин өсүмдүк майынын баасы 2,7%га арзандаганын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, 1-ноябрда өлкө боюнча орточо баа 184,87 сомду түзсө, 1-декабрга карата баа 4,99 сомго төмөндөп, 179,88 сомду түздү.
Баанын төмөндөшүнө майдын баасы Баткенде 9,61 сомго, Бишкекте 6,81 сомго, Ошто 4,19 сомго арзандашы менен байланыштуу.
Ошол эле учурда, Бишкектин гипермаркеттеринде 1 литр күн карама же өсүмдүк майлары “Олейна” 176 сом, “Шедевр” 172 сом, “Аведовъ” 142,5 сом, “Благо” 145 сом, “Золотая капелька” 146 сом, “Каролин” 148 сомдон сатылууда.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика