Кыргызстанда парник газдарын азайтуу боюнча жаңы энергетикалык долбоор ишке ашат

14.05.2026 | 12:23

Бишкек шаарындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүндө «Инновациялык каржылоо аркылуу туруктуу энергетикага өтүү» (iFIRST) долбоору боюнча расмий сүйлөшүүлөр өттү. Жолугушууга Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл катышты.

Энергетика министрлигинин маалыматында, долбоордун максаты — энергетика тармагындагы реформаларды колдоо жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу.

Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 50 млн долларды түзөт. Анын ичинен 35 млн доллары негизги каржылоо, 15 миллион доллары опциондук каржылоо катары каралган. Бул каражаттар көмүртек бирдиктеринин улуттук реестрин киргизүүгө, парник газдарын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү системасын түзүүгө багытталат.

Долбоор жыйынтыкка негизделген төлөм механизми менен иштейт. Башкача айтканда, каржылоо зыяндуу газдардын эмиссиясынын кыскарышы көз карандысыз текшерүүдөн өткөндөн кийин гана жүргүзүлөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бул демилге климаттык каржылоону тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

“Эң негизгиси — бул көмүртек каржылоо механизмдерин колдонууга багытталган алгачкы демилгелердин бири болуп саналат. Биз энергетикалык туруктуулукту камсыздоо жана зыяндуу парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча иштерди ырааттуу улантабыз”, – деди ал.

Ал эми Хью Ридделл Кыргызстан бул долбоорду дүйнөдө экинчи, ал эми Борбор Азияда биринчилерден болуп ишке ашырып жатканын кошумчалады.

“Кыргызстан климаттык каржылоонун жаңы механизмдерин киргизүүдө маанилүү кадам жасап жатат. Бул долбоор өлкөнүн туруктуу энергетикага өтүүсүнө жана көмүртек рыногуна интеграцияланышына өбөлгө түзөт”,- деп билдирди ал.

Scroll to Top