Бишкекте Россия менен Кыргызстандын мугалимдеринин эл аралык форуму ачылды

14.05.2026 | 12:31

12–13-май күндөрү Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун базасында Россия менен Кыргызстандын мугалимдеринин эл аралык форуму өтүүдө. Иш-чара эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин колдоосу менен М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулду.

Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, Акмулла атындагы университеттин ректору Салават Сагитов, Кыргызстандагы «Россотрудничество» өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Алексей Пойда, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин проректору Хож-Ахмед Халадов кайрылышты.

Форумдун алкагында Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университети менен К. Карасаев атындагы БМУнун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Иш-чаранын программасы республиканын мектеп мугалимдери үчүн мастер-класстарды жана педагогикалык интенсивдерди, ошондой эле заманбап билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жана чакырыктар тууралуу панелдик талкууну камтыйт.

Ошондой эле, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн биргелешкен мектептердин уюштуруу документтерин жана окуу пландарын иштеп чыгуу маселелери боюнча россиялык жана кыргызстандык эксперттердин өзүнчө кеңешмеси болуп өттү. Долбоордун биринчи этабынын алкагында 2027-жылы Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында билим берүү мекемелеринин курулушун аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылган. Келечекте мындай мектептер Ош, Манас, Нарын, Талас шаарларында, ошондой эле Новопавловка жана Прогресс айылдарында да ачылмакчы.

Scroll to Top