21-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин карашты
Кыргызстанда пенсиялык курак көтөрүлөбү? Расмий жооп
17.10.2022 | 11:25
Кыргызстанда пенсиялык куракты көтөрүү пландалган жок. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.
Ал журналисттердин “өлкөдө пенсиялык куракты көтөрүү пландалган жокпу?” деген суроосуна жооп берип жатып: “жакынкы жылдары Кыргызстанда пенсиялык куракты көтөрүү пландалган жок”, – деди.
Кыргызстанда пенсиялык курак аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш болуп эсептелинет.
Эскерте кетсек, мындан бир нече ай мурда өкмөт пенсиялык куракты көтөрүү демилгеси менен чыгып, бирок коомчулуктун нааразычылыгынан кийин ал оюнан баш тарткан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар