Reporter.kg Бишкек тургундарына куруучу компания менен маселени чечүүгө жардам берди

Бишкектеги курулуш компаниясын тургундардын кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин, бузулган суу буруучу лотокту беш күндүн ичинде калыбына келтирүүгө милдеттендиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин редакцияга Сухомлинов көчөсүндө жашаган Бишкек шаарынын тургундары кайрылышкан. Алар Abu Dhabi турак жай комплексин курууда Шота Руставели жана Жунусалиев (мурдагы Орджоникидзе) көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде, көчөнү бойлой кеткен канал бузулганын билдиришкен.
КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объектисинде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында маалым болгондой, Сухомлинов көчөсү, 29 дарегиндеги 22 кабаттуу турак үйдүн пайдубалына чуңкур (котлован) казуу учурунда суу буруучу лоток жабыркап, канал аркылуу суунун тоскоолдуксуз агышына жолтоо болгон.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен "Квентин" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен курулуш мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Компаниядан билдиришкендей, учурда "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы менен биргеликте суунун өтүшүн убактылуу камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Ошону менен бирге департамент курулуш компаниясына беш күндүн ичинде суунун тоскоолдуксуз агышын толук калыбына келтирүү, суу буруучу лотокту баштапкы абалына келтирүү жана аныкталган бардык кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйрук берди.