Августта Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү $269,6 млн түздүМинистрлик: Кыргызстанда тогуз айда 23 эне өлүмү катталдыКыргызстандын чакан ГЭСтерине инвестиция тартуунун жолдору Бишкекте талкууландыКомпозитор, обончу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салдыКРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөт
Кыргызстанда Sputnik V вакцинасы менен алгач кимдер эмделет? Жооп
26.04.2021 | 12:14
Орусиянын Sputnik V вакцинасы биринчи кезекте 65 жаштан өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдарга эмделет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, алынган 20 миң доза вакцина 10 миң кыргызстандыкты эмдөөгө жетиштүү болот.
“Жакынкы аралыкта дагы 100 миң доза жеткирилет, аны каалагандар акысыз ала алышат”, – деди ал.
Буга чейин өкмөт башчы Улукбек Марипов Sputnik V вакцинасынын 15 миң дозасы сатып алынганын, 5 миң дозасы грант түрүндо келгенин айткан.
https://reporter.kg/%d3%a9km%d3%a9t-bashchy-sputnik-v-vakczinasy-d%d2%afjsh%d3%a9mb%d2%afd%d3%a9n-tarta-ajmaktarga-zhetkirilet/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом