Кыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?

18.09.2026 | 17:59
Кыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Ал кайсы этапта? — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүп жатат. Учурда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен бренддин Улуттук маркетинг планы даярдалып чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, бренддин маркетинг планы логотипти түзүү, продукцияга QR-код системасын киргизүү, маалыматтык жайылтуу жана товарды эл аралык көргөзмөлөргө катыштыруу иштерин камтыйт. Кийинки этапта органикалык сертификат алуу, географиялык көрсөткүчтү каттоо жана токойлорду башкаруу маселелери каралган. ФАО бул багыттагы иштерди коштоону улантары айтылды.

Кыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта? — Новости Кыргызстана

«Табигый Кыргыз Жаңгагы» брендин өнүктүрүүнүн максаты — кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рынокторго чыгаруу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Статистикага ылайык, Кыргызстанда жылына 44 миң тоннадан ашык жаңгак жыйналат.

Scroll to Top